Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

ЖК комитети "фейктер жөнүндө"мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды


Кыргызстанда "Жалган маалыматтан коргоо тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Кыргызстанда "Жалган маалыматтан коргоо тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков.

Жанар Акаевдин белгилешинче, мыйзамдын үч беренесине өзгөртүү киргизилип жатат.

“Кыргызстанда Баш мыйзамга ылайык сөз эркиндигин чектөөгө тыюу салынган. Бирок азыр ЖМКга анык эмес маалымат жарыяланган болсо, Маданият министрлигинин алдындагы жумуш топ карап туруп, актанууга мүмкүнчүлүк бербей эле жабылсын деген чечим чыгарып жатат. Биз далилдеп берүүгө убакыт берилсин деп жатабыз”, - деди эл өкүлү.

Демилгечилер жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн узартуу, тагыраагы, арыз келип түшкөн учурдан таратып 24 саат эмес 3 күнгө чейин узартууну сунуштап жатышат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ЖМКга убакыт берилерин айтып, "дароо жаап салуу деген жок" деп жооп берди.

"Биринчи макаланы өчүрүү боюнча сунуш беребиз. Эгерде ал макала 24 сааттын ичинде өчпөсө, ал ЖМКнын интернеттеги ишин токтотуу боюнча экинчи сунуш жөнөтүлөт. Дароо жаап салуу деген жок", - деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, былтыр ушул мыйзамдын негизинде 22 арыз каралган.

Талкуу учурунда депутат Айбек Маткеримов жалган маалымат тараткандыгы үчүн ЖМКнын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин козгоп, Маданият министрлигин арыздарды адилет жана калыс кароого чакырды. Ал 3 күндүк мөөнөт өтө узак экенин билдирип, каршы пикирин айтты.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Буга чейин 16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 16-майдагы жыйынында "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “анык эмес маалымат” мыйзамынын негизинде былтыр июнь айында ResPublica гезитинин сайтын эки айга жапкан.

Ушул эле жылдын август айында 24.kg сайтын убактылуу жаап, чечимди кайра жокко чыгарган. 24.kg эч кандай төгүндөө бербегенин жана сайтка чыккан маалымат өчүрүлбөгөнүн билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын былтыр 26-октябрда бөгөттөгөн. Быйыл январда “Азаттык Медиа” мекемесинин ЖМК катары ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз берип, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту аны канааттандырган. “Азаттык” бул чечимге каршы шаардык сотко арызданууга даярдык көрүүдө.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болгон. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал порталдан алынышы керек болот. Талап аткарылбаса, сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөт.

Депутаттар тобу “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатат. Алар жалган маалыматты алып салуу жөнүндөгү арызды кароо мөөнөтүн 24 сааттан үч күнгө чейин узартууну, доомат коюлуп жаткан ЖМКга да укук берүүнү, арызды кароодо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине медиа каражатынын өкүлдөрүн да чакырууну сунуштады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG