Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

WSJ: НАТО Украинага курал-жарак жеткирүү боюнча келишим даярдоодо


Украинанын президенти Владимир Зеленский (солдо) жана Польшанын президенти Анжей Дуда. 5-апрель, 2023 Варшава
Украинанын президенти Владимир Зеленский (солдо) жана Польшанын президенти Анжей Дуда. 5-апрель, 2023 Варшава

НАТОго мүчө мамлекеттер Украина менен узак мөөнөттүү келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ага ылайык, Киев Батыштын курал-жарактарын жана аскердик технологияларын алат деп билдирди Польшанын президенти Анжей Дуда Wall Street Journal басылмасына курган маегинде.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден жана башка батыш лидерлери НАТО жана Украина байланышын - америка-израил коопсуздук мамилелеринин үлгүсүндө түзсө болорун айтышкан. Азыркы учурда АКШ менен Израилдин ортосунда он жылдын ичинде миллиарддаган долларга америкалык курал-жарактарды жеткирүүнү караган келишим түзүлдү. Ошону менен бирге АКШ Израилге тышкы агрессия болгон учурда жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелерди алган эмес.

Wall Street Journal Ак үйдүн өкүлүнө шилтеме берип, "Батыш өнөктөштөр Укриана менен биргелешип иштөөнүн формуласын иштеп чыгууга аракет кылып жатышканын" жазды. Бул Украина жакынкы жылдарда НАТОго мүчө боло албайт деген тезиске таянып, ага узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыздоого мүмкүндүк берет.

Мындай келишим Кремлдин узакка созулган согуш өз кызыкчылыгында деген ишенимин, Батыштын Украинага колдоосу убакыттын өтүшү менен басаңдайт деген үмүтүн жокко чыгарышы керек. Анжей Дуда маегинде: "Украина коопсуздук кепилдигин алганын жана бул кепилдиктер убакыттын өтүшү менен бүтпөй турганын Орусия түшүнүшү зарыл",-деген.

Украина-НАТО кеңеши түзүлгөнү июлдагы Вильнюста өтө турган альянстын саммитинде жарыяланат деп күтүлүүдө. Киев кеңештин жыйынын чакырып, НАТОго мүчө өлкөлөргө жардам сурап кайрылуу укугуна ээ болот. АКШ, Британия, Франция жана Германия Украинага коопсуздук кепилдигин берүү боюнча келишимдин түз катышуучулары болушу мүмкүн.

Украинанын НАТОго кабыл алуу жараянын баштоого тынымсыз чакырыктарына карабастан, Түндүк атлантикалык альянска кабыл алуу жакынкы келечекте мүмкүн эмес экени айтылган.

Польшанын президенти Wall Street Journal басылмасына курган маегинде белгилегендей, Украинанын НАТОго кабыл алынышы анын аймагында согуш жүрүп жаткан учурда мүмкүн эмес. Бирок Орусиянын басып кириши Киевдин Түндүк атлантикалык альянска кирүүсүнө жол ачты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG