Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Нукус окуясын иликтеген укук коргоочуга Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилген жок


Галым Агелеуов.
Галым Агелеуов.

Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасындагы былтыркы кандуу окуяны көз каранды эмес иликтөөгө катышып жаткан казакстандык укук коргоочу Галым Агелеуовго Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилген жок. Бул маалыматты ал бүгүн, 23-майда "Азаттыкка" өзү тастыктады.

Укук коргоочу буга чейин Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында эки жолу болгонун, бул жолу, 22-майда Бишкекте иштери менен жүрүп, Ташкентке учарда рейстен алынганын айтып берди:

"Биз окуя болгон, адамдарга ок атылган бардык жерлерге барып, документтештиргенбиз. Каза болгондордун жакындарынан, кыйноолор боюнча интервью алганбыз, уникалдуу маалымат чогултканбыз. Бир аптадан эки жолу барып иштеп келгенбиз".

Агелеуов Каракалпакстан окуялары боюнча Ташкент сотунда боло турган отурумга жөнөгөнүн, бирок "Манас" аэропортунан ага Өзбекстанга кирүүгө укугу жоктугу жөнүндө Ташкент аэропортунун чечими бар экендиги тууралуу кагазды көрсөтүшкөнүн айтууда.

Укук коргоочу Freedom for Eurasia уюмунун Нукус окуялары боюнча көз каранды эмес иликтөөсүнө катышып жатат.

Өзбекстанда былтыр Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG