Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

“Акнет” иши: Ажимудиновго өкүм чыкты


Кубан Ажумидинов, "Акнеттин" негиздөөчүсү. Архивдик сүрөт.
Кубан Ажумидинов, "Акнеттин" негиздөөчүсү. Архивдик сүрөт.

“Акнет” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкананын мурдагы президенти Кубан Ажимудинов Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен жети жылга эркинен ажыратылганын 23-майда “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өкүм 4-апрелде чыккан.

Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” деген беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги колонияда жети жылдык жаза мөөнөтүн чегерди.

Ал эми “Куралды, ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү”, “Документтердин жасалмасы”, “Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелер боюнча акталды.

“Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелер боюнча да айыптуу деп табылды, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасы чегерилген жок.

Ажимудинов сот залынан камакка алынды.

Соттун чечими менен анын буга чейин, 2019-жылдын май айынан 2021-жылдын апрелине чейин абакта отурган дээрлик эки жылынын ар бир күнү эми эркинен ажыратуу мөөнөтүндө эки күн деп эсептелип кошулмай болду.

«Акнет» ишканасынын акционерлеринин чыры 2018-жылы башталган. Компанияда үч адамдын үлүшү бар экени, алардын бири Кубан Ажимудинов салыктан качууга, документ жасоого, куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана башка кылмыштарга шек саналып кармалган. Ал эми анын тарапкерлери «Акнет» рейдердик басып алууга кабылганын, Ажимудиновдун компаниядагы үлүшүн тартып алуу аракети болуп жатканын айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG