Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

ӨКМ ашууларда кар көчкү коркунучу сакталып жатканын эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-24-май күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү ыктымал экенин эскертүүдө. Маалыматка караганда, Каракол-Эңилчек жолунун 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында, Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ узак жолго чыккан айдоочуларды транспорттун ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.

Соңку күндөрдөгү жаан-чаачындан улам айрым аймактарда сел жүрүп, үйлөрдү каптап жатат.

Аксы районунда 20-майда катуу жааган жаандан кийинки селден жана шамалдан беш айыл зыян тартты. Жайыттагы малды сел агызып кеткен. Жалпы 430 үйдүн электр жарыгы өчүп, жекшембиде калыбына келтирилди.

Мунун алдында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда катуу жаан жаап, Карача айылында сел жүргөн. Суу арыктан ашып, үйдүн короосун каптаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG