Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Мэрия "Батумини" буздуруу боюнча маалымат берди


Бишкек мэриясы “Батуми” кафесин буздурууга анын курулушу жана иштеши боюнча "көптөгөн эреже бузуулар" негиз болгонун билдирди. Мэриянын басма сөз кызматынын 24-майдагы маалыматына караганда, шаар башкармалыгы жердин ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан:

“Жер тилкесин ижарага берүү маселесин караган комиссиянын чечиминин негизинде «Эстаунд» жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылды. Бул объектти курууда жана анын иштешинде көптөгөн эреже бузуулар аныкталды. Ошондой эле бул райондо жашаган тургундардан арыз-даттануулар түшкөн, чыр-чатактар катталып келген”.

Мэриянын маалыматына караганда, жалпы аянты 1300 чарчы метрлик кафени өз алдынча буздуруу тууралуу маалымдама 17-майда жөнөтүлгөн, бирок бул талап аткарылган эмес, буздуруу иштери бүгүн 24-майда жүргүзүлдү.

Курулушу мыйзамсыз экени аныкталган имараттарды, имараттарга кошумча салынган курулмаларды алуу, бузуу иштери буга чейин да жүргүзүлүп келген.

“Батуми” Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан. Анын ээси Кадича Бечелова бүгүнкү окуя тууралуу “басмачылардай болуп баарын талкалап кетишти” деп билдирди жана аларга расмий эскертүү берилбегенин, сот чечими жоктугун айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG