Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Билим берүү мекемелеринде тарых сабагы 3D форматында окутула баштайт


Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинин имараты. Бишкек
Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинин имараты. Бишкек

Кыргызстандын мектеп, окуу жайларында тарых сабагы 3D форматында окутула баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында билдирип, бул аракеттер 1,5 жылда ишке ашып каларын айтты:

"Тарыхтагы окуялар, эң негизги баатырлар, андан сабак алчу окуялар, кыргыз баласы эмнени билиши керек? Биринчи кезекте жалпы билим берүү стандарттарында, экинчи, жогорку окуу жайларында, үчүнчү, илимий багыттагы тарыхчылар эмнени билиш керек? Тил, тарых, адабият - бул улуттун көрөңгөсүн түзөт".

Иманалиев "Кыргыз тарыхынын" 40 томдугу чыгарылып жатканын, мындан ары жаңы тарыхый табылгаларга стипендия берилерин кошумчалады.

Март айынын соңунда Кытайдан табылган архивдик документтерди которуу үчүн "Мурас” фондуна президенттик фонддон 13 млн. сом бөлүнөрү кабарланган.

Буга чейин фонддун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортуу үчүн каражат бөлүүнү бийликтен өтүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG