Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Орусия Эван Гершковичтин тергөө абагындагы мөөнөтүн үч айга узартты


Эван Гершкович Москвадагы сотто.
Эван Гершкович Москвадагы сотто.

Орусияда тыңчылыкка айыпталып, мартта камакка алынган америкалык журналист Эван Гершковичтин тергөө абагындагы мөөнөтү үч айга узартылды.

BBC радиосу орусиялык маалымат каражаттарына таянып кабарлагандай, сот Гершковичтин камактагы мөөнөтүн 30-августка чейин узартты.

АКШ бийлиги Wall Street Journal басылмасынын кабарчысын тезинен бошотууга чакырууда.

Орусияда алты жылдай иштеген Гершкович Екатеринбург шаарында элдин Украинадагы согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөндө кармалган.

Орусия кабарчы “журналисттик ишмердикке жамынып алып” кыңыр ишин жасап жүргөнүн, жашыруун маалыматтарды алууга аракеттенген жеринен кармалганын айтууда.

31 жаштагы Гершкович 30-мартта кармалып, ошол эле күнү Москва шаарынын Лефортово райондук соту аны 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган.

Вашингтон жана Wall Street Journal кабарчынын тыңчылыкка аралашаканын четке кагууда. Ал "кансыз согуш" аяктагандан бери мындай айып менен Орусияда кармалган биринчи америкалык журналист болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG