Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Улуу Британиянын коргоо министри Киевге барды


Улуу Британиянын жана Украианын коргоо министрлери.
Улуу Британиянын жана Украианын коргоо министрлери.

Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес 24-майда Киевге барды. Анын сапары тууралуу коомчулукка алдын ала маалымдалган эмес.

Бен Уоллес украиналык кесиптеши Алексей Резников менен жолугушту. Украинанын Коргоо министрлиги алар коопсуздук маселесин талкуулашканын билдирди.

Бул сапар украиндердин Орусиянын баскынчылыгына каршы күрөшүн колдогон жана ондогон өлкөлөрдөн турган Украинаны Коргоо, байланыш тобунун (UDCG) онлайн жыйынына бир күн калганда жасалды.

Орус күчтөрү Украинанын аймактарын аткылоону улантууда. Бир күн мурун Херсонго жасалган чабуулда эки жайкын тургундун өмүрү кыйылган.

Украин президенти Владимир Зеленский 15-майда Лондонго барган. Улуу Британия Киевге узакка уча турган жаңы чабуулчу учкучсуз учактарды берген. Украиналык учкучтарга F-16 учактарын башкарууну үйрөтө турганы расмий кабарланган. Андан мурдараак Лондон Киевге узак аралыкка уча алган Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөнү белгилүү болгон. Москва буга тиешелүү жооп кайтарыларын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG