Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Пригожин "вагнерчилер" Бахмуттан чыгарыла баштаганын жарыялады


Евгений Пригожин.
Евгений Пригожин.

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Украинанын Бахмут шаарынан жоочулары чыгарыла баштаганын жарыялады. Калаа алардын көзөмөлүнө өткөнүн жакында Пригожин өзү жана орус бийлиги жарыялаган. Киев шаар толук көзөмөлдөн чыкканын четке каккан.

Пригожин 25-майда эртең менен жарыялаган видеодо "вагнерчилер" 1-июнга чейин “арткы лагерлерге” өтүп, Бахмутта алардын ордун орус армиясынын бөлүктөрү ээлей турганын айтты. Анын жоочулары келечекте "жаңы согуштук тапшырмаларды аларын" белгиледи. Ошол эле учурда Бахмутта айрым "вагнерчилер" калышы мүмкүндүгүн кыйытты.

"Эгерде аскер кызматкерлери үчүн кыйын болсо, албетте, Бахмутту колго алууда башкы ролду ойногондорду калтырабыз", - деди ал.

Орусиянын Коргоо министрлиги буга комментарий берген жок.

Шаршембиде Пригожин медиа-технолог Константин Долгов менен маегинде Орусиянын Украинадагы согушунда "Вагнер" жалданма аскер тобунун 20 миңдей жоочусу каза болгонун айткан. Ал Бахмуттагы салгылашка 50 миң кишини жалдаганын, аскердик ротада 35 миң жоочу болгонун билдирген.

Пригожин ошондой эле 2022-жылдын февралында Кремлдин "Украинаны демилитаризациялоо максаты терс натыйжа бергенин" кошумчалап, украин армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын бирине айланганын белгилеген.

Согуш башталганы Бахмутта айыгышкан эң айыгышкан салгылашуулар болуп, калаа талкаланып калды.

XS
SM
MD
LG