Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Депутат Сурабалдиева вебкам бизнесине каршы күрөш начар болуп жатат деп сындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 25-майдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевге суроо берип жатып, вебкам бизнеси жаатында "ачык-айкын иштеп, коомчулукка ишкер катары таанылган" адамдар бар экенин айтты:

"Расмий түрдө ошол бизнестин аркасы менен миллиондоп акча тапкан жаран социалдык тармакта ачык эле мактанып жүрөт. Аны жарнама кылбай эле койойун. Аны укук коргоо органдары бүт эле билет. Ал батирди ижарага алып, айып пул төлөп кайра эле ачылып калып жатат деп айтып жатышат. Ошол менен күрөшүү жолу кандай болуп жатат?", - деди депутат.

Аширхожаев Кыргызстанда вебкам-студияларды иштетүү мыйзамсыз экенин билдирди жана күрөш жүрүп жатканын кошумчалады.

ИИМдин маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкө аймагында вебкам-студия иштеткен үч факты катталып, тергөө жүрүүдө.

Милиция быйыл апрелде компьютердик-клуб катары иштеген түр көрсөтүп, бирок вебкам-студия ачкандар аныкталганын кабарлаган. Анда ижарага алынган эки кабаттуу үйдөн отузга чукул компьютер табылган. Бул студияда азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштагы 7-8 жигит иштеп, интимдик кызмат көрсөткөн модель кыз-келиндерге котормочулук кылганы аныкталган. Вебкам бизнесине тартылган кыз-келиндер башка шаарларда жана чет өлкөдө экени айтылган.

2021-жылы 27-июлда “Азаттык” радиосу “Кыргызстандагы вебкам-студиялардын караңгы дүйнөсү” деген иликтөөсүн жарыялаган. "Анда Кыргызстандагы чоң каражат айланган вебкам-студияларда талкаланган тагдырлар, Телеграм топтордогу ормон опуза иликтенген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG