Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Ташиев жакында "чоң чиновниктер" кармала турганын билдирди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жакын арада "чоң чиновниктер" кармала турганын билдирди.

Атайын кызматтын башчысы бул тууралуу Region телеканалына 25-майда берген интервьюсунда билдирип, өлкөнүн финансы тармагын кармап, аны туура эмес, натыйжасыз пайдалангандар жоопко тартыла турганын айтты.

"Жакындан баштап биз чоң-чоң чиновниктерди, мамлекетте финансыны, элдин акчасын колуна кармаган, бирок туура эмес, натыйжасыз, өзүнүн кызыкчылыгына пайдалангандарды катаал жоопко тартабыз. Экинчи этап башталды дегенибиз ошол. Экинчи этап менен мен мурдагыдай кармап чыгарбаймын. Катуу чараларды колдоном", - деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы өзү белгилеген "чоң чиновниктердин" атын атаган жок. Ал мындан ары жемкорлукка айыпталып кармалгандар эки, алты, бир жыл жатып чыкпай турганын, алар абакта жазасын өтөй турганын жана ушуга аракет кыларын билдирди.

Ушул эле интерьюсунда Ташиев баш прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси аралашкан иш боюнча айтып, ал мамлекетке келтирген зыян эки эсе кылып төлөсө мыйзамдын негизинде абактан бошотуларын билдирген.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коррупцияга, оор жана өтө оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирген. Ал бул тууралуу 24-майда Фейсбуктагы баракчасына жазып, күрөштүн биринчи этабы эки жарым жылга созулганын белгилеген.

Президент Жапаров быйыл апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде коррупцияга каршы күрөшүүдөн Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ баарын бириктиргенде эки жарым жылда 10 миллиард сомдон ашык акча чогулганын билдирген.

Буга чейин Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов баш болгон аткаминерлер кармалып, кийин мамлекетке чыгымды төлөп берди деген негизде абактан бошотулган.

Кыргыз бийлиги кармалгандар төккөн каражат кайда жумшаларын купуя кармайт. Коомчулукта муну “кустуруу” жараяны деп аташып, сындагандар да, колдогондор да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG