Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:44

Аба ырайы: Бийик тоолуу райондордо кар жаайт


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борборунун кабарлашынча, Кыргызстандын аймагында 27-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Талас аймагында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 градус жылыйт.

27-май, ишембиге караган түнү Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз күндүн экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° жылуу болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG