Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Котельники шаарында кармалган тажик мигранттары бошотулду


Тажик мигранттары кармалган учур тартылган видеонун скриншоту.
Тажик мигранттары кармалган учур тартылган видеонун скриншоту.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Котельники шаарында кармалган тажик мигранттарынын баары документтери текшерилгенден кийин коё берилгенин билдирди.

25-майда жарыяланган билдирүүдө жалпысынан канча тажикстандык мигрант жана кандай себептер менен кармалганы жазылган эмес.

Бейшемби күнү Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода орусиялык кесиптеши Владимир Колокольцевге кайрылып, аны Комсомольск-на-Амуре шаарындагы тажик студенттеринин кармалышы жана сабалышына байланышкан иштердин калыс каралышын камсыздоого чакырган.

22-майда Комсомольск-на-Амуредеги Техникалык университетте окуган 100дөн ашык тажикстандык студентти өзгөчө багыттагы милиция отрядынын (ОМОН) өкүлдөрү катуу сабаганы кабарланган. Окуя 19-майда универститеттин жатаканасында болгон.

23-май күнү кечинде Котельники шаарындагы полиция бөлүмүнө 100гө жакын тажикстандык мигрант жеткирилген. Күбөлөр алар тажикстандыктарга таандык кафелердеги рейддердин жүрүшүндө кармалганын билдиришкен. Андан мурда Котельникиде 300дөн ашык тажик жараны кармалганы кабарланган.

Орусиянын тиешелүү мекемелери тажикстандык мигранттарга каршы рейддер жана аларга жасалган катаал мамилелердин себептери боюнча эч кандай түшүндүрмө берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG