Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстанга сырттан ташылган өсүмдүк майларына кошумча нарк салыгы жоюлду


Өсүмдүк майы. Иллюстрациялык сүрөт.
Өсүмдүк майы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинети өсүмдүк майын импорттоодогу кошумча нарк салыгын (КНС - НДС) жойду. Бул тууралуу мекеменин токтомунда айтылат. Мындай чечим өлкөдө азык-түлүк жана коопсуздугун камсыз кылуу жана тамак-аш товарларына карата базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды.

Өсүмдүк майына түшүрүлгөн кошумча нарк салыгынын нөлдүк чени 2023-жылдын 15-майынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Кыргызстанда өсүмдүк майын керектөө 60 миң тоннаны түзөт. Өлкөдө мунун 5-6 миң тоннасы, же 9-10% гана өндүрүлүп, калганы сырттан ташылат.

Азык-түлүк кымбаттап жаткан маалда өкмөт былтыр апрелде өлкөгө ташылып келген кумшекер жана тазартылган өсүмдүк майы үчүн кошумча нарк салыгына нөлдүк чен киргизген.

Министрлер кабинети 2022-жылдын декабрында Кыргызстанга буудай жана унду импорттогондорду кошумча нарк салыгынан бошоткон. Кошумча нарк салыгы товардын наркынын 12% түзөт.

Кыргыз бийлиги акыркы эки жылдан бери салык саясатын өзгөртүү аракетин көрүп, 2022-жылы жаңы салык кодекси иштеп баштаган. Ага ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү салыктын саны сегизден жетиге азайган. Алар киреше салыгы, пайда салыгы, кошумча нарк салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы жана мүлк салыгы. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG