Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Air Products Өзбекстандагы заводго 1 миллиард доллар инвестиция салат


Кашкадарыя аймагындагы "Өзбекмунайгазга" таандык ишкана.
Кашкадарыя аймагындагы "Өзбекмунайгазга" таандык ишкана.

Америкалык Air Products компаниясы Кашкадарыя облусунун Гузар районундагы жаратылыш газын кайра иштетүүчү заводду өнүктүрүүгө 1 миллиард доллар инвестиция салат. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Air Products компаниясы менен "Өзбекмунайгаз" ишканасынын ортосундагы тиешелүү инвестициялык келишимге 25-майда кол коюлду.

"Бул келишим сапаттуу жана арзан отун өндүрүшүн камсыздап, калктын өсүп жаткан суроо-талабын канааттандырат. Биз бул узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүк уланат деп ишенебиз", – деди Air Products компаниясынын башчысы Сейфи Гасем.

Uzbekistan GTL – синтетикалык суюк отун өндүрүү менен алектенген дүйнөдөгү бешинчи комплекс болуп эсептелет. Ал 2021-жылы ачылган.

2021-жылы октябрда Жызак облусуна барган президент Шавкат Мирзиёев Гузар районунда 3,6 миллиард долларга жаратылыш газын суюк отунга айландыруу боюнча завод курулуп бүткөнүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG