Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Талибдер менен кагылышта ирандык чек арачылар каза тапты


Иран-Ооганстан чек арасындагы аскерлер.
Иран-Ооганстан чек арасындагы аскерлер.

Иран менен Ооганстандын чек арасындагы кагылышта бери дегенде эки ирандык аскер каза болгонун мамлекеттик IRNA агенттиги кабарлады. Мурдараак бир жоокер каза таап, экөө жараат алганы айтылган.

Окуя 26-майда, Забул чек ара бөлүгүндө болгон. Маалымат каражаттары талибдер менен Ирандын чек арачылары кагылышканын жазышты. Окуянын чоо-жайы так эмес.

Чек ара кызматынын командачылыгы талибдер "олуттуу жоготууга учураганын" билдирди. Ал эми "Талибан" бир кишиси өлгөнүн гана тастыктады.

Mehr басылмасы кагылышууда " артиллериялык куралдар" колдонулганын жазды.

"Талибандын" Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Ислам Эмираты коңшулары менен согушту каалабайт" деп билдирүү таратты.

IRNA агенттиги өткөн аптада Сасоли чек ара бекетинин командирин талибдер өлтүргөнүн кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG