Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Канаданын курамасы жеңүүчү болду


Канаданын курама командасынын оюнчулары. 28-май, 2023-жыл. Тампере шаары.
Канаданын курама командасынын оюнчулары. 28-май, 2023-жыл. Тампере шаары.

Канаданын курама командасы Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында жеңди. Финляндиянын Тампере шаарында өткөн финалдык оюнда канадалыктар Германиянын курама командасын 5:2 эсебинде утту. Ушуну менен Канада 28-жолу чемпион болду.

Латвиянын курама командасы АКШнын оюнчуларын 4:3 эсебинде жеңип, тарыхта биринчи ирет коло медалга татыды.

Хоккей боюнча дүйнө биринчилиги быйыл Санкт-Петербургда өтмөк, бирок Орусия Украинага согуш ачканына байланыштуу Латвиянын Рига жана Финляндиянын Тампере шаарында уюштурулду.

Орусиянын жана Беларустун курама командалары турнирге катыштырылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG