Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Бишкектеги шайлоо: Ниязалиеванын штабындагы түнкү тинтүү


Дамира Ниязалиева тинтүү жүрүп жаткан шайлоо штабынын алдында турат, 29-май, 2023-жыл.
Дамира Ниязалиева тинтүү жүрүп жаткан шайлоо штабынын алдында турат, 29-май, 2023-жыл.

30-майга караган түнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү №26 Ленин шайлоо округунан алдын ала санак боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигин жаап, мөөр басып кетти. Тинтүүгө күбө болгон Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер өзүн начар сезип жаткандыктан дарысын ичкени кеткен бойдон келген жок.

Ниязалиеванын адвокаты Эркин Ирискулбеков "Азаттыкка" берген комментарийинде "Тинтүү иши эки сааттан ашуун болду. Офистен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишти. Алардын арасында мыйзамсыз бир нерсе бар деп айта албайм" - деди.

29-майда саат 21:00дөрдө штабга келген тергөөчүлөр алгач интернетте тараган аудио жазмадан соң кылмыш иши козголуп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын маалымдашты.

Саясатчы штабдын ачкычын таба албай жатканын айткандан кийин милиция анын жардамчысынын машинесин текшерди. Ачкыч табылбаган соң милициянын ыкчам аракеттенчү тобу келип, штабдын эшигин кескилеп киришти.

Тинтүү уланып жатканда Ниязалиева сыртка чыгып журналисттерге комментарий берди. Ал милиция кызматкерлери штабдын ичиндеги документ жана башка нерселерди текшерип жатканын айтты. Талапкер өзүн начар сезип жаткандыктан дарысын ичкени баратканын да кошумчалады.

Бишкек шаардык милициясы тинтүү тууралуу расмий маалымат бере элек.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка маселелерди сүйлөшкөн. Ниязалиева өзү бул видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирип, аудиону "монтаж" деп сыпаттады.

Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

Жекшембиде №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган.

Искаковдун дооматы, Ниязалиеванын жообу

Алдын ала маалымат боюнча 1 317 добуш менен үчүнчү болгон талапкер Эртай Искаков буга чейин Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Ал бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин билдирген.

28-майда Дамира Ниязалиева билдирүү таратып, социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду "атаандаштардын ыплас провокациясы" катары сыпаттаган.

"Видеодогу жарандардын менин шайлоо штабыма эч кандай тиешеси жок. Бул өз күчүнө ишенбеген оппоненттердин ыплас провокациясы. Буга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып, аталган талапкердин аракетине баа берип, мыйзамда каралган чараларды көрөбүз. Видеодогу аялдар милицияга жеткирилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул ишке укук коргоо органдары чекит коет", - деп билдирген талапкер.

ИИМ териштирүү жүрүп атканын билдирип, бирок эч бир талапкердин ысымын атаган эмес. “Ошол видео тартылган кафенин ээси, официант, андагы үч аял суралып атат. Тергөө иштерин жүргүзөбүз”, - деди Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов.

БШКнын маалыматына караганда, мекемеге эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түшүп, алты кайрылууда айтылган маалыматтар тастыкталган эмес. Ал эми анын үчөө боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп атат. Анын тыянагы шайлоонун соңку жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш сатып алуу боюнча милицияда тергөө жүрүп жатканын ырастаган. “Добуш сатып алуулар боюнча бир билдирүү ИИМде тергөө жүрүп атат. Дагы эки арыз укук коргоо органдарында кароодо. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылып атканда келип түшкөн арыздарга акыркы чечимдер чыгарылат. Демек, укук коргоо органдарынын компетенциясынын алкагындагы маселелер боюнча маалыматтар келип түшкөндө БШК чечим чыгарат. Айтылып аткан фактылар аныкталса, ал шайлоонун жыйынтыктарына таасир этет” - деп айткан.

Жекшембидеги добуш берүүнүн алдын ала маалыматына ылайык Ниязалиевадан кийин 2 070 добушту Уран Сариев алса, анын артында 1 317 добуш топтогон Эртай Искаков турат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG