Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Индияда жол кырсыгынан 10 чакты зыяратчы көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү диний жайга зыяратчыларды алып бараткан автобус коктуда көпүрөдөн кулап, кеминде он киши мерт кетти. Жабыркагандардын саны 55ке жетти. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди.

Зыяратчылар өлкө түндүгүндөгү Амритсар шаарынан Катра калаасына баратышкан. Маалыматка караганда, автобуска кишилер нормадан көп түшкөн.

Катра шаарындагы ыйык Вайшно-Деви чиркөөсүнө жылына түмөндөгөн индустар зыяратка барышат.

Индия жол кырсыктарынан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG