Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:58

Москвадагы "Митино" метросунда 150дөн ашык тажик мигранты кармалды


Москвада полиция тажик мигранттарын кармап баратат.
Москвада полиция тажик мигранттарын кармап баратат.

Москвадагы «Митино» метро станциясынын жанынан 30-майга караган түнү 150дөн ашык тажик мигранты кармалды. «Озоди» радиосуна жиберген видеодо мигранттар полиция аларды түн ортосунда ойготуп, автобустар менен Митинск районунун ички иштер бөлүмүнө алып барганын айтышкан. Себебин түшүндүрүшкөн эмес. Мигранттардын айтымында, алар «Митино» метросунун жанындагы курулушта иштеп, ошол эле жерде чатырларда жашап жатышкан.

Орусия тараптан расмий комментарий боло элек. Тажикстандын Москвадагы элчилиги окуядан кабардар экенин, ага көз салып жатканын билдирди.

Соңку жумаларда Орусиянын ар кайсы аймактарында тажик мигранттары кармалган учурлар көп каттала баштады. 28-майда Москванын Можайск районундагы мектептин стадионунда ондогон тажик мигранттары кармалган. Буга жергиликтүү тургундардын даттануусу себеп болгону расмий маалымдалган.

Бир апта мурда Москва облусунун Котельники шаарында жергиликтүү жашоочулар аймак «тажик анклавына» айланып баратканын, мигранттар коомдук тартипти бузуп жатканын айтып видеокайрылуу жасашкан. Көп өтпөй аймакта полиция рейд өткөрүп, 100дөн ашуун мигрантты кармап, жергиликтүү мечитти жапкан.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өткөн жумада Орусиянын Дүйшөмбүдөгү элчиси Семен Григорьевди чакырып, тажик мигранттарынын жапырт камалышын талкуулаган. Тажик тарап Москвага кайрылып, окуяларды териштирүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG