Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:47

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад", "Карабагыш", "Кара-Суу" бекеттери ачылат


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" өткөрмө бекетинин оңдолуп жаткан учуру. Сузак, Жалал-Абад. 2022-жылдын ноябры.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" өткөрмө бекетинин оңдолуп жаткан учуру. Сузак, Жалал-Абад. 2022-жылдын ноябры.

Жалал-Абад облусундагы "Бек-Абад", Ош облусундагы "Карабагыш", "Кара-Суу" өткөрмө бекеттерин ачууга даярдык көрүлүп жатканын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

“Учурда өзбек тарап өткөрмө пункттарды ачуу үчүн даярдоо иштерин жүргүзүп жатат”, - деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган.

Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкө менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" бекеттери да ачылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG