Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Дамира Ниязалиева милицияга суракка чакырылганын билдирди


Дамира Ниязалиева тинтүүгө алынып жаткан шайлоо штабынын жанында. 29-май, 2023-жыл.
Дамира Ниязалиева тинтүүгө алынып жаткан шайлоо штабынын жанында. 29-май, 2023-жыл.

№26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева 30-майда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” ырастады.

"Дагы 2-3 баланы кармашкан. Алар ким экенин билбейм. Кармалганына эки сутканын жүзү болуп калды. Сурак берип жатышат", - деди ал.

Ниязалиеванын суракка чакырылышы боюнча шаардык милиция маалымат бере элек.

30-майга караган түнү тергөөчүлөр Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен.

Талапкердин адвокаты Эркин Ирискулбеков "Азаттыкка" билдиргендей, тергөөчүлөр кеңседен үч ноутбук жана штабдын ишине байланыштуу 30 барак документтерди алып кетишкен.

Милиция кызматкерлери интернетте тараган аудио жазмадан соң кылмыш иши козголуп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын билдирген.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирип, аудиону "монтаж" деп сыпаттады.

Жекшембиде №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган.

Ниязалиева Фейсбуктагы баракчасында буга байланыштуу айыптоолорго жооп берип, социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду "атаандаштардын каралоосу" катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG