Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Москвада ондогон тажик мигранттары кармалды


Тажик мигранттары Видеодон алынган сүрөт.
Тажик мигранттары Видеодон алынган сүрөт.

Москванын Можайск районундагы мектептин стадионунда ондогон тажик мигранттары 28-майда кармалды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары полицияга таянып жазышты. Маалыматка караганда, тажик мигранттары жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде кармалган.

Шаардыктардын ырасташынча, тажик мигранттары мектеп стадионунда ойноп жаткан өспүрүмдөрдү кубалап, алардын ордуна өзүлөрү футбол ойноп башташкан.

Бирок эч кандай далил келтирилген жок деп жазат «Озоди» радиосу. Мигранттар менен байланышууга мүмкүн болгон эмес.

«Озоди» радиосуна түшкөн видеодо полиция кызматкерлери ондогон мигранттарды стадиондон чыгарып баратканын көрүүгө болот. Башкасында мигранттар жерге көмкөрөсүнөн жатып, алардын бирин полиция токмоктоп жатканы тартылган.

Соңку жумаларда Орусиянын ар кайсы аймактарында тажик мигранттары кармалган учурлар көп каттала баштады.

Бир апта мурда Москва облусунун Котельники шаарында жергиликтүү жашоочулар аймак «тажик анклавына» айланып баратканын, мигранттар коомдук тартипти бузуп жатканын айтып видеокайрылуу жасашкан. Көп өтпөй аймакта полиция рейд өткөрүп, 100дөн ашуун мигрантты кармап, жергиликтүү мечитти жапкан.

Тажик бийлиги бул окуяларга байланыштуу Москвага кайрылып, окуяларды териштирүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG