Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

Жаза аткаруу кызматы абактагы аялдарды балдары менен жолуктурду


Темир тор артындагы аялдар жашы жете элек балдары менен жолукту. 30-май, 2023-жыл.
Темир тор артындагы аялдар жашы жете элек балдары менен жолукту. 30-май, 2023-жыл.

Жазаларды аткаруу кызматы 30-майда Чүйдүн Степное айылындагы №2 абакта отурган аялдарды балдары менен жолуктурду.

Аталган мекемеден билдиришкендей, иш-чара 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Ал жерге ырчылар, цирк өнорпоздору барып, Жаза аткаруу кызматынын ардагерлери балдарга белек-бечкектерди беришти. Эне-баланы жолугуштуруу мекеменин ардагерлер кеңешинин демилгеси менен биринчи жолу уюштурулду.

Степное айылындагы бул абакта жалаң аялдар кармалат. Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде ар кандай кылмыштуулук менен соттолгон алты миңден ашуун адам жаза өтөп жатат. Соттолгондордун көбүнүн жашы жете элек балдары бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG