Башкы прокуратура соттук-укуктук реформаны иштеп чыккан жумушчу топко тергөө укугун өзүндө калтыруу тууралуу сунуш берди. Бул тууралуу парламенттин 31-майдагы сессиясында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
“Эксперттик топко ар бир берене боюнча сунушубузду бергенбиз. Башкы прокуратуранын сын-пикири кабыл алынган жок. Анткени ал соттук-укуктук реформага каршы келет деп баяндамада жазылыптыр”, - деди ал.
Жогорку Кеңеште Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуу сунушу камтылган мыйзам долбоору каралууда. Жыйында айрым депутаттар прокуратурадан тергөө укугун алууга каршы болуп жатышат.
Баяндамачы, юстиция министри Аяз Баетов мыйзам долбоорун бардык күч органдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ иштеп чыкканын, бул тармак реформаланып жатканын кайталады.
Мыйзамды президенттик администрация 20-апрелде коомдук талкууга алып чыккан. Демилгечилер долбоор "прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыздоо максатын көздөйт" деп түшүндүргөн.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет 30-майда долбоорду колдогон.
Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы 2019-жылы Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жаңыланганда алынып, 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда кайра берилген. Ал кезде Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.
Ушу тапта прокуратурадан тышкары Ички иштер министрлигинде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте тергөө жүргүзүү укугу бар. 2022-жылы Башкы прокуратура 3530, УКМК 4 миң, ИИМ 95 миң ишти иликтеп-тергеген. (TSh)