Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Косоводо жергиликтүү сербдер кайрадан демонстрацияга чыгышты


Звечанда серб желегин көтөрүп турган этностук сербдер. 31-май, 2023-жыл. Косово.
Звечанда серб желегин көтөрүп турган этностук сербдер. 31-май, 2023-жыл. Косово.

Косовонун түндүгүндөгү Звечан жана Зубин Поток шаарларында этностук сербдер 31-майда кайрадан көчөлөргө чыгышты.

"Серб тизмеси" (Srpska Lista) партиясынын өкүлдөрү шаарлардын албан тектүү башчылары кызматтан кетип, өлкө түндүгүнөн атайын полиция бөлүктөрү чыгарылмайынча каршылык акцияларын улантарын билдиришти.

Звечан шаардык администрациясынын алдына чогулгандар серб желегин көтөрүштү.

Косовонун полициясы өлкө түндүгүндө кырдаал туруктуу экенин билдиргени менен 30-майдагы кагылышууларда журналисттердин, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысынын да автоунаасы жабыркады.

НАТО чыңалуунуу жайгаруу үчүн Косового дагы 700дөй аскер жиберүүнү чечти. АКШ Косово менен Сербияны диалогго кайтууга чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдиргендей, Косовонун өкмөтү сербдер отурукташкан аймактарда албан тектүү башчыларды дайындаганы "чыңалуунун курчушун шарттады".

16 500дөй калк жашаган Звечан шаарында апрель айында өткөн жергиликтүү шайлоону жергиликтүү сербдер бойкоттошкон. Дал ушул калаада жана башка төрт аймакта добуш берүүгө шайлоочулардын 3,5% гана катышканына карабастан, бийлик жергиликтүү албандардын жеңишин таанып, май айында төрт мэр ант берип, кызматка отурган. Буга жергиликтүү сербдер каршы чыгышты.

Сербдер Косовонун 1,8 миллион калкынын 5% түзөт. Алардын көбү өлкө түндүгүндөгү төрт аймакта отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG