Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

АКШ: Өкүлдөр палатасы мамлекеттик карыздын чегин көтөрүүнү жактырды


АКШ президенти Жо Байден жана Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти карыз маселесин талкуулаган. Вашингтон, 22-май 2023-жыл
АКШ президенти Жо Байден жана Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти карыз маселесин талкуулаган. Вашингтон, 22-май 2023-жыл

АКШнын Өкүлдөр палатасы мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Мындай кадам өлкө дефолт коркунучуна кептелбеши үчүн жасалды. Бул тууралуу “Америка добушу” радиосу маалымдады.

Сунушту 314 конгрессмен колдоп, 117си каршы болду. Арасында эки партиянын тең өкүлдөрү бар, бирок республикачылар үстөмдүк кылат.

Конгресс белгилеген 31 триллион доллар деген чекке өлкө быйыл январда жеткен. Мындан кийин Каржы министрлиги чыгымдарды жабуу үчүн карыз алуу укугунан ажыраган.

Мыйзам добоорунда 2025-жылдын 1-январына чейин карыздын жогорку чегин убактылуу алуу каралган. Муну менен президент Жо Байден жана мыйзам чыгаруучулар 2024-жылдагы президенттик шайлоого чейин саясий жактан тобокел маселени кароону жылдыра алат.

Ошондой эле алдыдагы эки жылда мамлекеттик чыгымдар чектелет. Байден мыйзам чыгаруучуларга, республикачыл спикер Кевин Маккартиге компромисске барганы үчүн ыраазчылыгын айтты. Президент Сенатты документти тезинен жактырууга чакырды. Ак үйдүн айтымында, Байден ага 5-июнга чейин кол коюуга үмүттөнөт, ал күнү өкмөттүн эсептерди төлөө үчүн акчасы түгөнүшү мүмкүн.

Дүйнөдөгү ири карыз алуучу жана кредитордун дефолту глобалдык экономиканы чоң соккуга кептемекчи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG