Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

Зеленский Европанын саясий жамаатынын саммитине катышуу үчүн Кишиневго барды


Зеленеский жана Санду. Молдова, 1-июнь, 2023-жыл
Зеленеский жана Санду. Молдова, 1-июнь, 2023-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европанын саясий жамаатынын саммитине катышуу үчүн Кишиневго барды. Сапар тууралуу алдын ала кабарланган эмес, украин лидери бир күн мурда Одессага жакын жерде жүргөн. Аны Молдова президенти Майя Санду тосуп алды.

Зеленский Телеграм каналына жазгандай, бир топ эки тараптуу жолугушуулар пландалган, Украинаны курал-жарак менен камсыздоо жана өлкөнүн Еврошаркет жана НАТОго кошулуу маселелери талкууланмакчы.

Былтыр күзүндө Франциянын президенти Эммануэл Макрондун демилгеси менен түзүлгөн Европанын саясий жамааты деген формат 44 өлкөнү бириктирет жана Евробиримдик менен ага кирбеген мамлекеттер ортосунда кызматташууну жакшыртууну максат кылат.

Европадан ал уюмга Орусия менен Беларус гана кирбейт. Бул – анын экинчи саммити.

Кишиневдо коопсуздук чаралары күчөтүлүп, аэропорт эки күн бою катардагы каттамдарды кабыл албай турганын билдирди "Азаттыктын" молдаван кызматы маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG