Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Иранда май айында кеминде 142 кишинин өлүм жазасы ишке ашырылды


Ирандагы аялдар түрмөсү. Иллюстрация.
Ирандагы аялдар түрмөсү. Иллюстрация.

Норвегияда жайгашкан Ирандагы адам укуктарына көз салган уюм (IHR) май айында Ислам жумуриятында бери дегенде 142 кишинин өлүм жазасы ишке ашырылганын билдирди. Сегиз жылдан бери биринчи жолу бир айда ушунча көп киши соттун өкүмү менен дарга асылды.

1-июнда жарыяланган маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери 307 киши өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул – былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 76% көп. Укук коргоочу уюмдун жетекчиси Махмуд Амири-Могхаддам мунун себебин бийликтин нааразылык акцияларын алдын алуу, өз бийлигин коолдон чыгарбоо аракети менен түшүндүрөт.

Былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деп камалып, жабык жайда көз жумгандан кийин Иранда митингдер тутанган. Мындай нааразылык 1979-жылкы революциядан бери бийликке туулган эң чон коркунуч катары мүнөздөлүүдө.

Эл аралык уюмдардын эсебинде демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. 60тан ашуун коопсуздук кызматкери каза тапкан.

Нааразылыкка чыккан миңдеген активист камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылды.

Укук коргоочулар менен көптөгөн Батыш өлкөлөрү айыпталгандарга каршы сот жараяндарын “жасалма” деп аташкан жана чечимдер жабык эшик артында чыгарыларын сындашууда.

Норвегиялык уюм жогорку жаза башка чөйрөлөрдө да, өзгөчө баңгизаттарына байланышкан кылмыштарда көп колдонуларын белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG