Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:20

Кыргызстанда жылуулук жана ысык суунун тарифи көтөрүлдү


Жылуулук батареялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Жылуулук батареялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-июндан тартып жылуулукка жана ысык сууга тариф көтөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика минмистрлигинин Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин сайтында кабарланды.

Тиешелүү буйрук 31-майда чыккан, сайтка 1-июнда жарыяланды.

Документке ылайык, жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн баа калкка 1134 сомдон 1248 сомго көтөрүлдү. Өндүрүштүк, бюджеттик объектилер жана башка керектөөчүлөр үчүн 1802 сомдон 2052 сомго кымбаттады.

Ысык суунун 1 гигакалориясы (Гкал) болсо калк үчүн 981 сомдон 1120 сомго жогорулады. Эгерде эсептегич болсо суунун метр кубу үчүн мурдагы 64,38 сомдун ордуна эми 71 сом төлөнөт. Адам башына каралган учурдагы ысык суунун баасы 309,03 сомдон 345 сомго өстү.

Калган объектилердин баары ысык суунун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн 2052 сомдон (мурда 1 802 сом болчу) же метр кубу үчүн 117 сомдон (мурда 103 сом болчу) төлөйт.

Буйрукта көрсөтүлгөндөй, бул тарифке салык кошулбайт.

Бишкек шаардык кеңеши 30-майдагы жыйынында таза сууга жана канализацияга болгон тарифтин баасын көтөрүү боюнча токтом долбоорун колдогон. Анын наркы да 1-июндан баштап кымбаттаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG