Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Акылбек Жапаров Сары-Жаз ГЭСтери курула турган жерге барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлгө тик учак менен бараткан маалда. 2023-жылдын 3-июну.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлгө тик учак менен бараткан маалда. 2023-жылдын 3-июну.

3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз ГЭСтер каскады курула турган жерди тик учак менен барып көрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы белгилегендей Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1100 МВт болгон алты гидроэлектр станцияларды Кытай менен биргелешип куруу пландалууда.

Долбоор ишке ашса, электр кубатына тартыштык азайып, керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоо жакшырмакчы.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын “Борбордук Азиядагы аймактык байланыштарды жакшыртуу боюнча программалардын үчүнчү фазасы” долбоорунун алкагында Түп-Кеген жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолдорунун курулушу менен таанышты. Узундугу 52 чакырым жолдун курулушу 2025-жылы бүтмөкчү.

Акылбек Жапаров иш сапар маалында Каракол шаарынын жетекчилигине “Каприз” лыжа базасына барчу жолду оңдоону, “Каракол” аэропортуна кошумча жер бөлүүнү жана мал базарды шаардын четине чыгарууну тапшырды.

Президент Садыр Жапаров быйыл 17-майда Кытайга барган. Анын мамлекеттик сапары 18-20-май күндөрү болуп, Сианда “Кытай – Борбор Азия” саммитине катышкан.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапары маалында төрага Си Цзиньпин менен 26 документке кол койгон.

Алгач Кытай тарап Кыргызстанга 300 миллион юань же 43 миллион долларлык грант бере турганы маалымдалды. Кийин президенттик администрация кенен билдирүү таратып, коюлган келишимдер жалпысынан 1 миллиард долларлык сумманы камтый турганын кабарлады.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, Кытай жашыл экономика багытында Кыргызстанда стратегиялык объектилерди жана ГЭСтерди курууга кызыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG