Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Орусиянын ракета соккусу Днепрде эки жаштагы наристенин өмүрүн алды


Днепропетровск облусундагы Пидгородное шаары. 4-июнь, 2023-жыл.
Днепропетровск облусундагы Пидгородное шаары. 4-июнь, 2023-жыл.

Орусиянын 3-июндагы ракета жана дрон соккусунан Украинанын Днепр калаасына жакын Подгородное шаарында эки жаштагы наристенин өмүрү кыйылды.

Украинанын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, ошол эле маалда "душмандын аба соккуларынын жаңы толкунун токтотууга мүмкүн болду".

Аба соккусунан 22 адам жаракат алды, анын бешөө балдар.

Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лисактын жазганына караганда, кол салуудан көп кабаттуу эки турак жай, 10 үй, дүкөн жана газ түтүгү жабыркаган.

Орусия акыркы жумаларда абадан соккуларын күчөттү, анткени украин аскерлери Орусия басып киргенден бери алдырган аймактарды кайтарып алуу үчүн контрчабуулду жакында баштайт деген божомол бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-июнда АКШнын Wall Street Journal басылмасына интерью берип, анын аскерлери контрчабуулга даяр экенин ачыктаган.

Ал Днепрге абадан сокку урганы үчүн Орусияны айыптады.

"Орусия дагы бир жолу террористтик мамлекет экенин далилдеди. Орустар биздин мамлекетке жана элге каршы жасаган бардык иштер үчүн жооп берет", - деди Зеленский 3-июнда Facebook баракчасында.

4-июнда Орусия кайрадан Украинага абадан чабуул жасады. Расмий Киевдин абадан коргонуу системасы борбор шаарга багытталган бардык ракеталарды жана дрондорду ийгиликтүү атып түшүргөнүн Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко билдирди.

"Алдын ала маалыматтарга ылайык бир дагы дрон жана ракета Киевге жеткен жок", - деди ал.

Ошол эле учурда 4-июнда Башкы штаб күнүмдүк отчетунда "орус баскынчыларынын Бахмутка жакын жерде жүргүзгөн эки операциясы ийгиликсиз аяктаганын" кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG