Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Каракалпакстан окуяларына айыпталган сегиз киши камактан бошотулду


Нукус шаарындагы митинг маалында тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл.
Нукус шаарындагы митинг маалында тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл.

Өзбекстандын Жогорку соту Каракалпакстандагы башаламандыктарга айыпталып камалган сегиз кишини 5-июнда бошотту. Аларга 4-5 жылдан камак жазасы чегерилгенин, бирок тергөө абагында отурган күндөрүн эске алуу менен сот залынан бошотулганын kun.uz сайты жазды.

Ал эми башкы айыпталуучулардын бири саналган активист Даулетмурат Тажимуратов баштаган дагы сегиз кишинин арызы канааттандырылган жок.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Биринчи инстанция Бухарада өтүп, январдын аягында 22 адамга өкүм чыккан. Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга эркинен ажыратылса, дагы 17 адам үч жылдан сегиз жарым жылга чейин кесилген.

17-мартта дагы 39 айыпталуучуга өкүм чыккан. Анда 28 адам беш жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылса, 11и сот залынан шарттуу түрдө бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG