Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Тажикстанда окуучуларга ыдык көрсөтүүгө шек саналган директор кармалды


Тажикстандын Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районунда "окуучу кыздарга жыныстык ыдык көрсөткөн" деген шек менен орто мектептин директору кармалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, жогорку класстын эки окуучусу директор аларга ыдык көрсөткөн деп даттанган.

Директор учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) райондук бөлүмүндө камакта отурат.

Директордун жакындары буга комментарий берүүдөн баш тартып, анын күнөөсү жоктугун белгилеп жатышат.

2021-жылы Тажикстандагы мектептердин биринде иштеген мугалим окуучу кызды зордуктаганы үчүн 17 жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Хатлон облусунун Яван районундагы Нурек шаардык лицейинин мугалими 17,5 жылга соттолгон. Ал 12 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө күнөөлүү деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG