Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Гаитиде суу ташкыны 42 кишинин өмүрүн алды


Гаитинин Леоган шаарынын тургундары суу каптаган көчөдө баратышат. 3-июнь, 2023-жыл.
Гаитинин Леоган шаарынын тургундары суу каптаган көчөдө баратышат. 3-июнь, 2023-жыл.

Гаитиде соңку күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече аймакты суу каптап, кеминде 42 кишинин өмүрү кыйылды. Ондогон тургундардын дайыны белгисиз. 13 600дөй турак жай суу алдында калганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.

"Беш жаштагы баламды жоготуп алдым. Кудай сактап, бир балам бакка илинип аман калды. Үйүмдү суу алып кетти", - дейт жергиликтүү тургун Фания Канж.

Жарандык коргоо агенттиги Твиттерге жазгандай, каза болгондордун саны 4-июнга караган түнү көбөйгөн.

Гаити – Латын Америкасындагы экономикасы өнүкпөгөн, саясий туруксуздук орун алган агрардык өлкө. Калкынын саны 10 миллион адамга чамалайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG