Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

"Азаттык" иши: Депутат Түлөбаев сөз эркиндигин муунтуу жакшылыкка алып келбесин айтты


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев «Азаттык» радиосунун жабылышына, "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамга каршы экенин 5-июнда "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштешине бирдей шарт түзүшү керектигин белгиледи:

“ЖМК мыйзамына өзүмдүн ой-пикирим бар, ага алымча-кошумча сунуштарымды берем. Агенттер боюнча мыйзамга каршымын, мен ага добуш бербейм. Басма сөз эркиндигин, пикирлерди муунтуу жакшылыкка алып келбейт. Өзгөчө Кыргызстанда. Биз ар бир революция сайын жаңы кадам таштап, алдыга баратабыз. Өкмөт, президент азыр көп жакшы иштерди кылууда. Реформаларга барып, оор болсо да алдыга жылып жатат. Бирок ошол эле убакта башка жактан аксабаш керек. Мисалы, “Азаттыктын” жабылышына мен каршымын. Мени деле канча сындап жатасыңар... АКШ Конгрессинен каржыланат дейт, андай башкалар деле бар да – “Би-Би-Сини” Англия каржылайт, өзүбүздүн КТР жана башка каналдар бар өкмөт каржылаган. Мунун баарына бирдей шарт түзүш керек”.

“Азаттык” радиосунун сайты былтыркы күздөн бери бөгөттөлүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыкты” ЖМК катары жабуу аракетин көрүүдө.

Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын 15-майда коомдук талкууга койду. Медиа коомчулук өкүлдөрү бул мыйзам долбооруна алардын пикири, сунуштары кирбей калганын айтып нааразы болууда.

Парламентте бир топ депутат “чет элдик өкүлдөр” деген мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Укук коргоочулар бул мыйзам Орусиядагы "чет элдик агенттер" мыйзамынан дээрлик сөзмө-сөз көчүрүлүп алынганын, ал адам укуктарын жана эркиндиктерин одоно бузарын белгилеп жатышат.

Бийлик Кыргызстанда адам укуктары жана сөз эркиндиги толук сакталганын, корголуп жатканын белгилеп келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG