Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Бишкек–Ош жолундагы кырсыктан алты өмүр кыйылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек–Ош автожолунун Суусамырдын тушундагы тилкесинде бүгүн 6-июнда эртең менен болгон жол кырсыгы алты адамдын өмүрүн алды.

Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан 14 адам жабыркаганын, алардын төртөө ошол жерден мерт кеткенин, экөө ооруканага жеткирип баратышканда үзүлгөнүн, сегизи Жайыл райондук ооруканасына жаткырылганын билдирди.

Чүй облустук милициясынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө мекемеси кырсык болжол менен саат 07:00 чамасында Бишкек–Ош автоунаа жолунун 178-чакырымында болгонун, рулу оң жактагы «Тойота-Альфарт» машинасы каршы тилкеге чыгып, “Мерседес-Бенц» жеңил машинасы менен сүзүшкөнүн маалымдады.

Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 7 миңдей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашуун өмүр кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG