Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Москвада киши уурдоого шек саналып алты кыргызстандык кармалды


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Москвада адам уурдоого шек саналып алты кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 23-майда Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы Новогиреево району боюнча бөлүмүнө Кыргызстандын жараны кайрылып, анын жакын тууганын белгисиз адамдар уурдап кетип акча талап кылып жатканын билдирген.

Ыкчам чаралардын жыйынтыгында Головинский шоссесиндеги батирлердин биринен уурдалган адам табылган. Аны уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шек саналып, ошол эле батирден Кыргызстандын алты жараны кармалган. Алардын улуусу 28, кичүүсү 22 жашта.

Үйдү тинтүүдө уурдалган 22 жаштагы дагы бир адам табылган. Бул фактылар боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Эркинен мыйзамсыз ажыратуу”, “Опузалап талап кылуу” жана “Адам уурдоо” беренелери менен кылмыш иши козголду.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, айыпталуучуларга жактоочулар берилип, тергөө амалдарына котормочулар тартылган. Камакка алынгандардын ушул сыяктуу башка оор кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Кармалгандардын жакындары тараптан комментарий боло элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG