Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

"Каракол" аэропортунда курулуштагы кырсыктан эки адам каза болду


“Каракол” аэропортундагы кырсык болгон жер.
“Каракол” аэропортундагы кырсык болгон жер.

Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропортун куруп жаткан үч адамды металл конструкция басып калып, экөө мерт кетти.

Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, кырсык 5-июнда болгон. Жаракат алган кишинин абалы оор.

“Бир жумушчу окуя болгон жерден эле каза болгон. Экинчиси ооруканада реанимацияда көз жумган. Дагы бир киши реанимацияда оор абалда жатат”.

Сталбек Усубакунов окуя облустук милициянын маалыматтык журналына катталып, экспертиза дайындалганын, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын айтты.

Социалдык тармактарда “Каракол” аэропортунун курулуш жүрүп жаткан аймагында эл топтолуп, президентке кайрылган видеолор тарады. Алар жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү талап кылышкан.

Ушул тапта “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациядан өтүүдө. Аэропорттун аэробекет комплексинин жаңы имараты курулуп, учуу-конуу тилкеси узартылып жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG