Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

АКШда чыккынчылыкка айыпталган мурдагы агент Роберт Ханссен түрмөдө көз жумду


Федералдык иликтөө бюросунун мурдагы агенти Роберт Ханссендин картасы.
Федералдык иликтөө бюросунун мурдагы агенти Роберт Ханссендин картасы.

Кошмо Штаттардын Федералдык түрмөлөр бюросу маалымдагандай, Федералдык иликтөө бюросунун мурдагы агенти, Америка тарыхындагы эң коркунучтуу тыңчылардын бири Роберт Ханссендин сөөгү 5-июндун таңында табылган.

79 жаштагы Ханссен 2001-жылы камалып, 20 жылдан ашуун жашыруун документтерди алгач Советтер союзуна, кийин Орусияга сатып турганын моюнуна алган.

"Рамон Гарсия" деген лакап ат менен ал жашыруун маалыматтын баарын берип турган. Бул үчүн ал 1.4 млн. доллар накталай акча, бриллиант алган. Анын баары Ханссендин Орусиядагы эсептерине которулган.

Бул үчүн ал өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ханссен Колорадо штатындагы федералдык түрмөлөрдүн биринде жазасын өтөп жаткан.

Эки башка булак Ханссенге эч кандай кол салуу болгон эмес деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG