Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Парламенттин регламентин өзгөртүү боюнча долбоор коомдук талкууга чыкты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламенттин депутаттары Марлен Маматалиев менен Нурланбек Азыгалиев “Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 2-июнда коомдук талкууга коюлган. Документтин негиздемесинде долбоор мыйзамдарды бири-бирине ылайык келтирүү, беренелердин байланышын туура түзүү жана тактоочу ченемдерди киргизүү үчүн жазылганы айтылат.

Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин комитеттеринде бештен кем эмес депутат болушу керек экени жазылган. Ушул тапта комитет мүчөлөрүнүн саны жок эле дегенде сегизден аз болбошу зарыл. Коомдук талкууну жана кийинкиге калтырууну талап кылбаган документтерди жана мыйзам долбоорлоруна тиешеси жок маселелерди кароодо комитет депутаттардан сурамжылоо жүргүзүү менен чечим кабыл алса болору жазылган.

Андан тышкары “Жогорку Кеңеш күн тартибиндеги маселени жабык режимде кароо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу” деп белгиленген. Азыр парламент жүйөлү негиздер болгон өзгөчө учурларда гана жыйынын жабык өткөрө алат. Ошондой эле “Мыйзамда аныкталган мамлекеттик, аскердик жана башка сырдын маселелери боюнча жыйналыштарды кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналыштары ачык болуп саналат” деп белгиленген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште чек ара маселеси талкууланган айрым жыйындар жабык өткөн учурлар болгон.

VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG