Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Каховдо дамбадагы жардыруудан улам бир нече аймакты суу каптады


Кахов ГЭСиндеги жарылган дамба.
Кахов ГЭСиндеги жарылган дамба.

Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан улам бир нече калктуу конушту суу каптады. Бул тууралуу 6-июнда Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин билдирди. Ал Днепр дарыясынын оң тарабындагы кооптуу аймактан 16 миңдей адам коопсуз жайга чыгарылганын кошумчалады.

Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптады. Украинанын президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырды.

Украинанын Атомдук энергетика боюнча агенттиги амбанын жардырылышы Европадагы ири деп эсептелген Запорожье АЭСине коркунуч жаратышы ыктымал экенин эскертти. Аталган электрстанция Кахов ГЭСинин суусун колдонот.

"Кахов ГЭСнин плотинасынын бузулушу аларды (орусиялыктарды) Украинанын бардык бурчунан кууш керек дегенди билдирет. Аларга террор үчүн бир дагы метр жерди калтырбаш керек. Украинанын жеңиши гана коопсуздукту кайтарып берет. Бул жеңиш келет. Террорчулар Украинаны суу, ракета же башка нерсе менен токтото албасын билиши керек", - деп жазды Зеленский.

Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграмга жазган билдирүүсүндө Орусияны "экоцидге" айыптады.

Ал эми Херсондун Орусия аннексиялап алган бөлүктөрүнүн бийлиги бул дооматтарды четке кагып, жардыруу үчүн украин тарапты айыптады.

Каховдун Москва дайындаган мэри Владимир Леонтьев дамба украин тараптын соккуларынан улам жабыркаганын билдирүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди.

1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын толугу менен суу менен камсыздайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG