Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

АКШ Украинанын Кахов ГЭСиндеги жардыруунун себебин иликтеп жатат


Жон Кирби.
Жон Кирби.

АКШ президентинин администрациясы Кахов ГЭСиндеги жардырууга ким жооптуу экенин так айта албайт. Мурдараак Кошмо Штаттардын эки расмий өкүлү жана Батыштын бир расмий булагы NBC News телеканалына гидроэлектр станцияга жасалган чабуулга Орусиянын ыктымал катышы тууралуу маалымат бар экенин айтышкан.

АКШнын Атайын кызматы айрым чалгын маалыматтарын ачыкка чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат.

Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби журналисттердин дамбанын кыйрашынын Украинанын контрчабуулуна тийгизген таасири тууралуу суроосуна жооп берип, кандайдыр бир божомол айтуу “эрте” деп билдирди. Ошол эле учурда ал апаат Украинанын энергетикалык коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн деп божомолдоду.

Кирби негизги көңүл суу ташкындан жабыркаган украиналыктарга, айыл, шаарларга буруларын, аларга жардам берилип жатканын белгиледи.

Кахов ГЭСиндеги дамба жардырылгандан кийинки алкачкы сааттарда бери дегенде 16 миңдей киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай маалыматты шейшемби күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Дамба жарылганы тууралуу маалыматтан кийин буудай жана жүгөрүнүн баасы көтөрүлүп, бул дүйнөлүк айыл чарба соодасына зыян келтирет деген кооптонууну жаратты.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграмга жазган билдирүүсүндө Орусияны "экоцидге" айыптады.

Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кахов ГЭСинин жардырылышын атайылап жасалган диверсия деп атаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди.

1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын толугу менен суу менен камсыздайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG