Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов үй камагына чыкты


Талас шаары.
Талас шаары.

Талас шаардык сотунда жемкорлукка шектелип кармалгандардын бөгөт чарасы 7-июнда кайрадан каралды. Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов үй камагына чыкты.

Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, Шабданов менен кошо “НИКА KG” компаниясынын өкүлү да үй камагына чыккан. Ал эми облустук өнүктүрүү фондунун директору Эмир Тыныбековдун бөгөт чарасы 8-июнда каралат.

Буга чейин жемкорлукка шек саналып кармалган президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Бакыт Нарбеков, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Саламат Салыбаев да үй камагына чыгарылган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) алар Талас шаарында тигүү цехин куруу ишинде 7 миллион сомдук зыян келтирген деген шек менен кармалганын 19-майда билдирген.

Атайын кызмат бул боюнча 11-майда кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү муну четке каккан. Мэрия долбоорду курууда каржы маселесине кийлигишпегенин, болгону тигүү фабрикасын курууга жер бөлүп бергенин айткан.

2022-жылы шаардык мэрия миң орундуу тигүү цехин куруп, "Кул Брос" тигүү ишканасына ижарага берери, аны облустук өнүктүрүү фонду каржылай турганы айтылган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG