Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

Талкууга коюлган мыйзам долбоору: Жогорку Кеңеш жабык органга айланабы?


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин регламентин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документте парламент жыйындарын жабык өткөрө алары, депутаттардын берген добушунун жыйынтыгын төраганын уруксаты менен чыгаруу, сайтка маалымат жайгыштырууга чейинки талап-тартип жазылган.

Талдоочулар мындай чектөөлөр ансыз да укуктары бир топ азайган Жогорку Кеңешти жабык органга айлантат деп эскертип жатышат.

Жабык жыйындарга жол ача турган документ

Парламенттин депутаттары Марлен Маматалиев менен Нурланбек Азыгалиев жазып чыккан “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документ 2-июнда коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде ал мыйзамдарды бири-бирине ылайык келтирүү, беренелердин байланышын туура түзүү жана тактоочу ченемдерди киргизүү үчүн жазылганы айтылат.

Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин комитеттеринде бештен кем эмес депутат болушу керек экени көрсөтүлгөн. Ушул тапта комитет мүчөлөрүнүн саны жок эле дегенде сегизден аз болбошу зарыл. Коомдук талкууну жана кийинкиге калтырууну талап кылбаган документтерди жана мыйзам долбоорлоруна тиешеси жок маселелерди кароодо комитет депутаттардан сурамжылоо менен эле чечим кабыл алса болору белгиленген.

Андан тышкары “Жогорку Кеңеш күн тартибиндеги маселени жабык режимде кароо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу” деп жазылган. Бул талап коомчулукта “парламенттин бир топ чечимдерин жашыруун кароого жол ачат” деп сынга кабылды.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Марлен Маматалиев “Азаттыкка” комментарий берди.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

“Конституция өзгөргөндөн кийин Жогорку Кеңештин да регламентине бир топ өзгөрүүлөр киргизилди. Жогорку Кеңештин жаңы регламентин жакында эле кабыл алдык. Бирок жумушубузда анча-мынча мүчүлүштүктөр болуп атат. Эң башкысы - ошону эле жөнгө салыш. Ал эми сиз айтып жаткан сунуштар парламенттин бөлүмүнөн түшкөн экен. Анткени Жогорку Кеңешке жашыруун делген маалыматтар да келет. Аларды биз ачык карай албай атабыз. Биз мыйзам долбоорлорун, добуш берүүлөрдү коомчулукка ачык чыгарбай коюуга жол бербейбиз. Бул талап жашыруун, мамлекеттик сыр бар материалдар боюнча гана иштейт. Эгерде жабык болуп кетет деген кооптонуулар болсо мен мыйзам долбоорун өзгөртөм”.

Азыр Жогорку Кеңеш жүйөлүү негиздер болгон өзгөчө учурларда гана депутаттардын макулдугу менен жыйынын жабык өткөрө алат. Ошондой эле “Мыйзамда аныкталган мамлекеттик, аскердик жана башка сырдын маселелери боюнча жыйналыштарды кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналыштары ачык болуп саналат” деп белгиленген. Буга чейин парламентте чек ара маселеси талкууланган айрым жыйындар жабык өткөн учурлар болгон.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Төрага сайтка чейин кийлигишет

Мыйзам долбоорундагы дагы бир кооптонууга негиз болгон берене - депутаттардын ачык добуш беришинин жыйынтыктары жыйынга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланат деген талап.

Жогорку Кеңештин азыркы регламенти боюнча, депутаттардын берген добушу, парламенттин жыйналышындагы башка маалыматтар расмий сайтка жайгаштырылууга тийиш.

Парламенттин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев мындай демилгелер парламентарийлердин ишин аксатып, элден алыстатат деген пикирде.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

“Бул мыйзам долбоору өтө кооптуу. Эл Жогорку Кеңештин жыйындарын түз эфирде көрүп, маалымат алып, анан андагы маалыматты таразалап турат. Бул жерде бийликтин көзүн караган айрым депутаттар берген добушун эл билбесин деп максат кылганы көрүнүп турат. Депутатты эл шайлагандан кийин ал элге ачык маалымат берип турушу керек. Эл шайлаган депутаттын сүйлөгөн сөзүн угуп, берген добушун карап турушу зарыл. Бул өтө маанилүү. Качан шайлоочулар көзөмөл кылса, парламенттин иши ачык болот. Бул мыйзам долбоорун мен жоопкерчиликтен качуу деп эсептейм”.

Долбоорго ылайык, жыйында жок депутаттардын тизмеси жарыялангандан кийин алардын компьютерлери өчүрүлөт. Депутат суроо-талап менен кайрылгандан кийин мамлекеттик мекеме же кызмат адамы 14 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү болот. Буга чейин бул убакыт бир ай деп белгиленген.

Сунушталган өзгөртүүлөр боюнча, парламенттин төрагасы Жогорку Кеңештин сайтына да кийлигишет. Документте жазылгандай, “аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери төрага бекиткен жобого ылайык маалыматтык материалдарды сайттын бөлүмдөрүнө жайгаштырат”. Жогорку Кеңештин азыркы регламенти боюнча, сайтка маалымат коюуга төраганын тиешеси жок. Ишти парламенттин басма сөз кызматы өз алдынча жүргүзөт.

Жогорку Кеңештин дагы бир мурдагы депутаты Аалы Карашев долбоор тууралуу пикири менен бөлүштү:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

“Жогорку Кеңеш – элдин өкүлдөрү отурган жер. Эл ишенип шайлаган адамдар коомчулуктун үнүн айтып, аткаруу бийлигине жеткизиши керек. Бирден-бир милдети ушул. Ошондуктан парламенттин иши максималдуу түрдө ачык-айкын болгону дурус. Себеби, депутаттарды шайлаган эл алардын өкүлү кандай сүйлөп атат, эмне маселени көтөрдү билиши керек. Ооба, мамлекеттик сыр бар маселелерде жыйынды жабык кылса болот. Бирок каалаган учурда жыйынды ачык өткөрүп, каалаган учурда жабык кылып койгон туура эмес”.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “нотариалдык орган болуп калды, мыйзам долбоорлорун талкуулабай топ-тобу менен кабыл алууда” деген сын дооматтар байма-бай айтылып турган. Бул чакырылышка да ушундай эле сындар айтылууда. 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир топ азайтылган.

“Жогорку Кеңештин акыркы кезде көтөргөн демилгелери, жазган мыйзам долбоорлору коомчулукта тынчсызданууну жаратты. Сөз эркиндигин чектөө сыяктуу демилгелери эл менен бийликтин ортосунда көпүрө боло турган Жогорку Кеңеш эл өкүлдүк милдетин бир ууч топтун өз билемдигине салып бергендей болду. Парламент деген элдин трибунасы болушу керек эле да. Мындай чектөөлөр дегеле парламенттин табиятына сыйбай турган демилге. Бул демократиялык институттун баарын тебелеп, аларды алсыратуу аракети”, - деди публицист Олжобай Шакир.

VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG