Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:20

Депутатка иш козгоого макулдук маселеси талкуу жаратты


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Депутатка кылмыш ишин козгош үчүн "парламенттин макулдугу зарыл эмес" деген маселе 1-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Конституциялык соттун мындай түшүндүрмөсү бир апта мурда жарыяланган.

Соттун позициясын колдогондор муну менен депутаттын кол тийбестигине коркунуч жаралбай турганын, Конституциялык сот мыйзамдуу чечим кабыл алганын айтышса, айрымдар Кыргызстандагы азыркы саясий-укуктук шартта парламенттин таптакыр көз каранды органга айлануу коркунучу бар экенин белгилеп жатышат.

Конституциялык соттун бир апта мурда жарыяланган түшүндүрмөсүнө парламент маани бербей, эч кандай реакция жасабай жатканын алгач депутат Жанарбек Акаев айтып чыгып, аталган мекеменин жетекчисинин кызматтан кетүүсү боюнча маселе көтөрдү:

"Кылмыш кылып жаткан учурда үстүнөн келип кармаса, маселе жок. Анда Баш мыйзамда жазылгандай жоопко тарта алат. Эми эмне кылабыз, мындан ары мал чарбачылыгынан, дыйканчылыктан башка бир нерсе сүйлөйбүзбү? Баш мыйзам бир адам үчүн эмес, система үчүн иштеши керек. Бийлик буга чейин да алмашкан, кайра-кайра алмашат, бирок Баш мыйзам калышы керек да. Аны адамга тууралап иштетпешибиз керек".


Акаевди депутат Сүйүн Өмүрзаков да колдоп, Баш мыйзамды сыйлабагандык болуп жатканын айтты. Ал Конституциялык соттун төрагасын парламентке чакырып, түшүндүрмө алууну сунуш кылды:

"Бул жакка келип, түшүндүрмө бериши керек. Баш мыйзамды сыйлабаганы үчүн жооп бериши керек. Депутаттарды эл шайлаган, элдин өкүлү. Эң биринчиден мыйзамды сыйласак, ошондо жашоо жакшы болот – тынчтык, туруктуулук болот, экономика да ошондо көтөрүлөт. Тынчтык болбосо экономика көтөрүлбөйт эч качан. Ызы-чуу болуп жүрө беребиз".

Сөз Конституциялык соттун Жогорку Кеңештин регламентиндеги “депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек” деген мазмундагы норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапкан түшүндүрмөсүндө болуп жатат. Ал тууралуу маалымат мекеменин сайтына 25-майда жарыяланган.

Анда “Кылмыш жасады деген негиздүү шектенүү болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына иш козгоо анын ишине жана көз каранды эместигине кол салуу болуп саналбайт" деп айтылган. Ошондой эле анда "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамдын депутатка иш козгоого Жогорку Кеңештин макулдугун алуу зарылдыгын белгилеген механизм укуктук кол тийбестик максаттарына шайкеш келбейт жана Конституцияда белгиленген чектен чыгып кетет" деп белгиленген.

Ал эми парламентте айтылган пикирлер боюнча Конституциялык сот азырынча расмий комментарий бере элек.

Депутатка иш козгоо үчүн башкы прокурор сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин көпчүлүк добушу менен алардын макулдугун алышы керек деген норманын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко адвокат Төлөндү Самаков кайрылган.

Самаков кеп кылмыш ишин козгоо стадиясы жөнүндө гана болуп жатканын, депутаттын кол тийбестигине эч ким шек келтирбегенин, себеби ал Конституция менен кепилденгенин айтууда.

"Кылмыш түнбү, күнбү, ар кайсы убакта болот да, иш козголор менен тез арада далилдерди чогултуш керек. Жогорку Кеңештен жооп келгенче канча бир мөөнөт өтүп кетип, кылмыштын изи жашырылып, жок болуп кетиши мүмкүн. Конституциянын 78-беренесинде ансыз деле депутаттын кол тийбестиги жазылган. Айыбын угузарда Башкы прокурор сунуш берип, депутаттардын макулдугун алат. Ал эми ага чейин кылмыш болдубу же болгон жокпу, иш козгоп, аныктайлы десе, жанагыдай бөгөт коюлуп калууда. Ошондуктан иш козгоого макулдукту алып салалы, иш козгой берсин, балким, далилдерди чогултуунун негизинде ошол депутаттын күнөөсү жоктугу аныкталып калаттыр".

Самаков эч бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөй турганын, юрист катары билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба топтоо максатында гана кайрылганын кошумчалады.

Конституциялык сот туура түшүндүрмө бергенин өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Ал "Твиттерге" бул тууралуу "Конституциялык сот Конституцияны коргоого алды. Жогорку Кеңеш жаңы регламентинин 138-беренесине "Депутатка иш козгоо үчүн ЖКнын көпчүлүгүнүн макулдугу керек" деген норма жазып алган, ал эми Конституциянын 78-беренеси көпчүлүктүн макулдугу депутатты жоопко тартуу үчүн гана керектигин талап кылат" деп жазды.

Бул окуя парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, оппозиционер саясатчы Адахан Мадумаровду жоопко тартуу демилгеси көтөрүлүп жаткан учурга туш келип олтурат.


31-майда парламент жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордон сунуш түшкөнүн билдирип, буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Прокуратура берген сунушта Мадумаровду "Кылмышка даярдык көрүү", "Жапырт башаламандыктар", "Бийликти күч менен басып алуу", "Бийликтен аша чабуу" деген айыптар боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган. Мадумаров аны жоопко тартуу аракетин толугу менен саясий иш деп баалап, ар кандай кырдаалга даяр экенин билдирген.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева Конституциялык соттун түшүндүрмөсү мыйзамдуу болгонун айтууда. Анын белгилешинче, азыркы Конституцияда иш козгоо үчүн депутаттардын макулдугу керек деген норма жок.

Макулдук иш козгоо үчүн эмес, айып коюу үчүн зарыл деп жазылганын, Башкы прокуратура кылмыш ишин ачууга укуктуу экенин айткан адис ал үчүн, бирок, объективдүү далилдер талап кылынарын, ошол эле принциптен алып караганда Мадумаровдун маселесинде да кынтыксыз аргументтер келтирилиши зарылдыгын кошучалады:

"Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек. Прокуратура депутат Мадумаровду айыпталуучу статусунда карап, ага карата тергөө жүргүзүш үчүн эң биринчи кезекте сапаттуу дилилдерин келтириши керек. Толук, концептуалдуу айыптоо болбосо, анда прокуратуранын адистери жоопко тартылышы керек болот".

Ал арада ансыз да эркин эмес парламентти көз каранды институтка айланышы ыктымал деген кооптонуусун айткандар да болууда.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова азыркы шартта депутаттардын көз каранды эместигин камсыздоо маанилүү экенин белгиледи:

“Биздин азыркы саясий абалда, менимче, депутатты иммунитетинен ажыратуу эртелик кылат. Тилекке каршы, бизде укук тартибин коргоо жана сот системаларына нааразылык өтө көп. Алар абдан саясатташып кеткен, басым астында иштешет, эркин эмес. Мыйзамга туура келбеген, калыс эмес чечимдердин чыгып калуу коркунучу сакталып турган дал ушундай чакта эрте. Анда биз азыркыдан дагы, абсолюттук түрдө көз каранды институтка ээ болобуз”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG