Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Футбол: Кыргызстан Ооганстандын курамасын утту


Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь, 2023-жыл. Бишкек.
Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь, 2023-жыл. Бишкек.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлгөн CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдеште Кыргызстандын курама командасы 1:0 эсебинде Ооганстандын курамасын утту. Оюн 10-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Кыргызстан менен Ооганстандын футбол курамаларынын беттешин президент Садыр Жапаров баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү стадиондон көрүштү.

Эми Кыргызстан "В" тайпасында Ирандын командасы менен ойнойт. Бул оюн 16-июнга белгиленген.

Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь, 2023-жыл. Бишкек.
Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь, 2023-жыл. Бишкек.

26-апрелде Дүйшөмбү шаарында CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчүкулак болуп, жети команда эки тайпага бөлүнгөн.

"А" тайпасында Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь. 2023 Бишкек.
Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь. 2023 Бишкек.

"В" тайпасынын беттештери Бишкекте, ал эми "А" тайпасынын оюндары Ташкентте өтөт.

Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь. 2023 Бишкек.
Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь. 2023 Бишкек.

CAFA NATIONS CUP-2023 - Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган футболдук мелдеш. Ага Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышат. Ал быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Беттештер тайпада бир айлампада өтөт. Эки группанын жеңүүчүсү болгон эки курама финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ат салышат. Финалдык беттеш Ташкент шаарында болот. (GT/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG