Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт


Сары-Челек көлүнөн агып чыккан Кожо-Ата дарыясы. Кыргызстан.
Сары-Челек көлүнөн агып чыккан Кожо-Ата дарыясы. Кыргызстан.

11-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүзгү температурасы 31…33° болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG