Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:12

Жыл башынан бери 2,8 млрд. сомдук жеңилдетилген насыя берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 6,3 миңден ашуун дыйканга берилди. 9-июнга карата берилген насыянын жалпы суммасы 2,9 млрд. сомго жакындады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Насыя өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилген.

Министрликтин маалыматына караганда, насыянын теңинен көбүн (4634) мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан.

Өкмөт былтыр жазында "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя үчүн 10 миллиард сом бөлгөн.

Апрель айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жеңилдетилген насыя дыйкандарга кеч берилип жатканын сынга алган.

Былтыр анын теңи гана берилгени белгилүү болгон жана буга байланыштуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Анда насыялар кечиктирилип берилгени, банктарда кезек күткөндөр арбын болгону айтылган. Айрым депутаттар жеңилдетилген насыя алчу компаниялар арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин билдирген.

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG